Сенат-аймактарга сапардын жыйынтыгы

Сенат-аймактарга сапардын жыйынтыгы

Казакстан парламентинин Жогорку палатасынын депутаттары аймактарга чыгып, жыл жыйынтыгын чыгарышты. Эске сала кетсек, жыл башынан бери сенаторлор жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Палатанын спикери Маулен Ашимбаевдин айтымында, эми депутаттар айылдын, райондун элинен чыккан көйгөйлөрдү эске алып, аларды чечүүнүн жолдорун карашы керек.

 

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрөгасы:

 

- Жаңы жылдын алгачкы күндөрү аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Анын жүрүшүндө элди түйшөлткөн актуалдуу көйгөйлөргө көңүл буруп, тургундар менен чогуу талкууладык. Эми маанилүү маселелер боюнча сенаторлордон депутаттык суроолорду күтүп жатабыз. Ошондой эле бул жагдайлар парламенттик угууларда жана өкмөттүк сааттарда эске алынышы керек.

 

Сенат бюросунун жыйынында Маулен Ашимбаев катышуучуларды мамлекет башчынын «Эгемен Казакстан» гезитине берген маегинде айтылган негизги маселелерге көңүл бурууга үндөдү. Ал депутаттарды Сенатка киришин күтпөстөн, Бюджет жана Салык кодекстери боюнча ишти баштоого чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков