Венеция биенналесинде биринчи жолу Казакстан павильону ачылат

Венеция биенналесинде биринчи жолу Казакстан павильону ачылат

59-Венеция биенналесинде биринчи жолу Казакстан павильону ачылат. Бул абройлуу иш-чара чын куран айынын 21нен жетинин айынын 27не чейин өтөт. Эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн биринде өлкөнүн атынан ORTA трансдисциплинардык командасы катышат. Алардын долбоору легендарлуу алматылык сүрөтчү Сергей Калмыковдун идеяларына негизделген.

«Венеция биенналесиндеги улуттук павильонубуз казак искусствосунун көптөн күткөн окуяларынын бири. Бул көргөзмөнү белгилүү сүрөтчү Сергей Калмыковго арноо тууралуу чечим кабыл алынды. Көптөгөн сүрөтчүлөрдү шыктандырган алгачкы сүрөтчүбүз. Павильон казакстандык заманбап искусствону дүйнөдө да, өлкө ичинде да колдоо жана көрсөтүү боюнча көптөгөн долбоорлордун бири болуп калат деп ишенем», - деди Венеция биенналесиндеги Казакстан павильонунун комиссары Меруерт Калиева.

Венеция биенналеси эки жылда бир жолу Венецияда өткөрүлүп, жылына 550 000ден ашык адам катышкан эң абройлуу эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн бири.

Которгон: Илгиз Жамалбеков