Учурда укук коргоо органдары өлкөнүн аймагында террорчуларды кармоо боюнча ишти улантышууда. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Алматы облусунда жүргүзүлгөн антитеррордук операциянын жүрүшүндө 20 адам кармалган. Кылмышка шектүүлөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Шымкентте 400дөн ашык бейбаш тополоңго катыштыгы бар деп шектелүүдө. Алардын 155ине административдик иш козголсо, 50үнө кылмыш иши козголгон. Бейбаштардын жарымына жакыны шаардын тургундары, калгандары өлкөнүн башка аймактарынан келген жарандар.
Ералы Жумаханбетов, Шымкент шаарынын коменданты:
- Учурда Шымкент шаарындагы абал туруктуу. Тартип сакчылары шаардын аймагын толук көзөмөлгө алып, мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында чараларды көрүп жатат. Шаар тургундарын коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырам жана ишеним билдирип кетем.
Караганды облусунда өзгөчө кырдаал режимин бузган 86 адам кармалды. Ошондой эле, өткөрүү пунктунан Казакстан Республикасында каттоо мөөнөтү аяктаган Өзбекстандын жараны кармалды. Учурда Карагандынын айланасында 8 пост коюлган. Баардык кирип-чыгуулар тыкыр текшерилет.
Бакытжан Кудияров, Караганды облусттук полиция департаментинин басма сөз катчысы:
- Өзгөчө кырдаал жарыялангандан бери 128 адам полиция бөлүмдөрүнө жеткирилди. Казакстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 476-беренеси, башкача айтканда, өзгөчө кырдаал режимин бузуу боюнча 86 факты аныкталды. Караганды облустунда комендатуранын оперативдүү штабы түзүлдү. Облуста укук тартибин камсыздоо үчүн бардык милиция кызматкерлери, Улуттук гвардиянын жана Казакстан Республикасынын Коргоо министрлигинин аскерлери кызматтын күчөтүлгөн режимине өткөрүлдү.
Ал эми Мангыстау облусунда кол салгандар видеокамералар аркылуу аныкталды. Шаардын комендантынын айтымында, аэропорттун имаратына
жана облустун борборундагы милиция бөлүмүнө бейбаштар кол салышкан. Тартип сакчылары курал колдонбой, аларды артка кайтарышкан.
Кызылордада бейбаштар менен болгон кагылышта 20дан ашык полиция кызматкери жаракат алды. Алардын көпчүлүгү жеке курамдын бөлүгүнө кайтышты. Жалпысынан облустун борборунда антитеррордук операция уланууда. 225 козголоңчу кармалып, алардын 50сүнө кылмыш иши козголду. Коменданттык саатты сактоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков