Атактуу Жүсип Көпеевдин туулганына быйыл 165 жыл толот. Казак маданияты
менен адабиятынын улуу ишмерине арналган салтанат ойчулдун туулган жери
Павлодар облусунун Баянауыл районунда өттү. Мааракенин алкагында республикалык
төкмө акындардын айтышы, ырчы-термечилердин сынагы, көк бөрү тартыш жана ат чабыш өтүп, казак балбандары күч сынашты. Айтылуу Жүсип Көпеев кара сөз, поэзияны жазуу менен катар оозеки адабияттын үлгүлөрүн чогулткан. Жылнаама, айтыш, тарыхый ырларды жазып, кийинки муунга калтырган. Ал туулуп-өскөн элинин сабатын ачууга өмүрүн арнаган. Фольклор таануучу, этнограф, тарыхчы, философ, араб жана фарс тилдерин мыкты билген, көптөгөн тилдерди үйрөнгөн. Жыйында Мажилистин төрагасы мамлекет башчынын куттуктоо катын окуп берди.
Ерлан Кошанов, Парламент Мажилисинин төрагасы:
Атактуу Жүсип Көпеев элибиздин оозеки адабиятын, санжыралуу тарыхын, салт-санаасын ар тараптуу изилдеп, улуттук руханияттын өнүгүшүнө чексиз салым кошкон. Элди искусствого, билимге чакырган ыр, дастандар менен аңгемелерди жазып, адабиятыбыздын мейкиндигин кеңейткен. Терең билим менен агартуучулуктун аркасында өлкөгө атагы чыккан инсанды даңазалоо, анын чыгармаларын элдин эсинде кайра жандандыруу баарыбыздын жалпы милдетибиз. Касым-Жомарт Токаев.
Которгон: Илгиз Жамалбеков