Абу-Дабиде Каспий инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Абу-Дабиде Каспий инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси талкууланды

Бул тууралуу Казакстандын президенти менен Abu Dhabi Ports Group компаниясынын башкы мүдүрүнүн эки тараптуу жолугушуусунда белгилүү болду. Касым-Жомарт Токаев өлкө Борбор Азия менен Каспий аймагындагы толук кандуу транспорттук хаб болууну көздөп жатканын жана транспорттук каттамдарды ар тараптандыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди. Атап айтканда, Казакстан Транскаспий эл аралык транспорттук жолун жана Түндүк-Түштүк транспорт коридорун жигердүү өнүктүрүп келет. Ошондой эле ишкерлер Казакстандын улуттук мунай компаниясы менен стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюшту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков