Kids Go Free программасы менен 200 чакты бала эс алууга акысыз учат

Kids Go Free программасы менен  200  чакты бала эс алууга акысыз учат

Kids Go Free программасынын алгачкы жыйынтыктары белгилүү болду. Бүгүнкү күнгө чейин 200гө жакын бала эс алууга акысыз учуп, барып келди. Жыл башынан бери долбоордун оператору «Казак туризмине» жүздөн ашык кайрылуу түшкөн. Алардын жол киресин жабуу үчүн туроператорлорго 10 миллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Жалпысынан үй-бүлөлөрдүн саякатка жана эс алууга кеткен чыгымы 33 миллион теңгеге жакын болот. Компаниянын маалыматы боюнча, эң белгилүү багыттар Түркестан, Алматы жана Маңгыстау облустары. Эске салсак, ички туризмди колдоого багытталган программа үчтүн айында башталган. 2 жаштан 17 жашка чейинки балдардын авиабилеттери толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Мындай жеңилдик бир гана тур билет алган жарандарга берилет. Ал үчүн лицензиясы бар туроператорлордон алынышы керек. Эреже ылайык, бала бойго жеткен тууганы менен учушу керек. Компания жай мезгилинде программаны алуучулардын саны кыйла көбөйөт деп күтүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков