Чыдамдуулук, күч жана ийкемдүүлүк. Дал ушул сапаттар Түркестан аймагындагы эр-эңиш секциясында окутулат. Бүгүнкү күндө казактын улуттук спортунун бул түрү менен алектенем дегендердин катары көбөйүүдө. Алмас Маратов көптөн бери эр-эңиштин кыр-сырын, ат үстүндө күрөшүүнүн ыкмаларын үйрөнүп алган. Анткени жарышта жеңишке жетүү үчүн чабандес болуу гана милдет эмес. Негизги максат – атаандашын аттан оодарып түшүү болгондуктан абдан күчтүү болуш керек.
Алмас Маратов, Шымкент шаарынын тургуну:
- Эр-эңиште билегиң жоон болуу керек. Тизени тирей билүү кажет. Ат үстүндө бекем отурганды билүү зарыл. Эң башкысы тайманбастык. Атка ишенсең ал да сага ишенет демекчи атка жакшы кароо керек.
Балдарга ат жалында ойноону Түймебек Жумалиев үйрөтөт. Ал – эр-эңиш боюнча өлкөнүн жана Азиянын көп жолку чемпиону.
Түймебек Жумалиев, Облусттук спорт түрлөрү мектебинин машыктыруучусу:
- Жаштар өспүрүмдөрдүн улуттук спорт түрү – эр-эңишке кызыгуусу абдан жогору. Биз буга кубанычтабыз. Окуучулар көп келет. Ар бир машыктыруучунун өзүнүн окуучулары бар. Аларды даярдайбыз. Эр-эңишке билектин, белдин күчү мыкты болушу зарыл. Айла-амал дагы болушу керек. Талаада ат үстүндө машыгабыз. Талыкпай эмгектенсең күчтүү болосуң.
Белгилей кетсек, облуста спорттун башка салттуу түрлөрү боюнча секциялар иштеп, анда балдар көк-бөрү, казак күрөш, чүкө жана тогузкумалакты ойноону үйрөнүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков