Казакстанда коргонуу өнөр жай комплексин өнүктүрүү фонду түзүлдү

Казакстанда коргонуу өнөр жай комплексин өнүктүрүү фонду түзүлдү

Казакстанда коргонуу өнөр жай комплексин өнүктүрүү фонду түзүлдү. Тиешелүү токтомду республиканын өкмөтү чыгарды. Фонддун белгиленген капиталына мамлекеттин 100% катышуусу пландалууда. Ал республикалык бюджеттин эсебинен 265 миллион теңгеден ашык суммада түзүлөт. Белгилей кетсек, фонддун негизги максаты ата мекендик илимий-техникалык иштеп чыгууларды каржылык колдоо жана коргонуу өнөр жай комплексинин уюмдарын жаңыртуу болуп саналат. Эске сала кетсек, буга чейин өлкө президенти аталган тармакты өнүктүрүүнүн келечегин белгилеп, коргонуу өнөр жайына адистешкен ата мекендик компанияларга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырган.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков