«Казахстанская правда» гезитинде Орусия Президентинин макаласы
жарыяланды. «Орусия – Казакстан: Евразиянын жүрөгүндөгү союз» деген аталыштагы
материалда Владимир Путин эки тараптуу мамилелердин абалына жана келечегине баа
берип, өлкөнү Евразиядагы Орусиянын негизги союздаштарынын жана стратегиялык
өнөктөштөрүнүн бири деп атады. Экономикалык кызматташтыкка чоң көңүл бурулган.
Мамлекеттер – ири соода өнөктөштөрү. Акыркы 30 жылда Орусия Казакстандын
экономикасына дээрлик 30 миллиард доллар инвестиция салган. Казакстанда
автоунаа жасоо, оор унаа жасоо, химиялык өнөр жай жана технологиялык
тармактарда 70ке жакын ири биргелешкен долбоор ишке ашырылууда. Макалада
ошондой эле «Росатомдун» катышуусунда Казакстандагы биринчи АЭСтин курулушу, орусиялык-казакстандык
келечектүү орто класстагы «Союз-5⁄Сункар» ракетасынын биринчи учурулушу
тууралуу айтылат. Эки стратегиялык долбоор тең активдүү ишке ашырылып, эки
тараптуу кызматташтыктын чыңдалышын тастыктап, практикалык баскычка өттү.
Кызматташтык санариптик технологиялар жана билим берүү программаларында да
активдүү жүргүзүлүүдө. Аягында Владимир Путин Орусия Казакстан менен көп
пландуу союздаштык мамилелерди мындан ары да ар тараптуу өнүктүрүүгө даяр
экенин белгиледи.
Владимир Путин, Орусия Федерациясынын Президенти:
– Белгилей кетким келет, биздин өлкөдө эли колдогон натыйжалуу саясий системасы, туруктуу жана динамикалуу өсүп жаткан экономикасы бар күчтүү жана гүлдөгөн Казакстанга чоң урмат менен мамиле жасашат. Жакында сиздин республикаңызда заманбап жана келечекке багытталган жаңы Конституция кабыл алынды. Ага добуш берүү менен казакстандык жарандар Президент Касым-Жомарт Кемелевич Токаев тарабынан мамлекеттик институттарды чыңдоого, өлкөнү комплекстүү модернизациялоого, туруктуу социалдык-экономикалык жана руханий-адептик өнүгүүгө жетишүүгө багытталган курсун басымдуу көпчүлүк менен колдошту.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

