Казакстанда
быйыл чет элдик капиталдын катышуусу менен 40тан ашык ири долбоор ишке кошулат. Өкмөттө «Kazakh Invest» улуттук
компаниясынын быйылкы ишмердүүлүгү менен алдыдагы иш пландары каралды. Азыркы учурда
жалпы наркы 27 миллиард долларды түзгөн 200 долбоорго колдоо көрсөтүлүүдө.
Алардын ичинде эң негизгилеринин бири – Астана шаарында жайгашкан америкалык
компаниянын медициналык УЗИ жана КТ аппараттарын чыгаруучу ишкана. Өндүрүш жайы казакстандык ооруканаларды гана камсыз
кылбастан, келечекте башка өлкөлөргө экспортту жолго коюуга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, компания ата мекендик саламаттыкты сактоо системасындагы
кадрлардын квалификациясын жогорулатуу үчүн билим берүү программаларын
уюштурууну мерчедеп жатат. Ошондой эле, швейцариялык бизнес өкүлдөрүнүн бири
алдыдагы убакытта экспортко чыгуу келечеги менен Алматыда ракка каршы
препараттар өндүрүшүн ишке киргизет. Дагы бир австриялык компания борбордо
курулуш материалдары өндүрүшүн локализациялоону көздөөдө. Бул өз кезегинде
Казакстандын рыногунун бул өнүмдөрдүн импортуна болгон көз карандылыгын
төмөндөтөт. Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, «Kazakh Invest»
алдыдагы ишинде данды терең кайра иштетүү, пластмассанын суроо-талапка ээ
түрлөрүн өндүрүү, мунай-газ жабдууларын жана кошумча наркы жогору башка да товарларды
изоляциялоо боюнча келечектүү долбоорлорго инвестиция тартууга басым жасоосу
керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков