Казакстан менен
Италия кызматташтыкты кеңейтүүдө. Борбор калаада логистика, энергетика
тармагындагы кызматташтык, инфраструктураны өнүктүрүү, соода тармагына арналган
эл аралык форум өттү. Иш-чара казак-италиялык өнөктөштүктүн келечегин
талкуулоо, ишкердик байланыштарды чыңдоо, өсүү жана инновация үчүн практикалык
билим менен бөлүшүү, жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү үчүн маанилүү
аянтча болду. Тараптар бир катар меморандумдарга жана келишимдерге кол коюшту.
Алардын бири энергетикалык өткөөл жана туруктуу технологиялар тармагындагы
кызматташууга тиешелүү. Маселен, Казакстан менен Италиянын компаниялары
биргелешип экологиялык жактан таза авиациялык отун өндүрүү жана «жашыл» суутек
алуу боюнча макулдашышты. Бул максатта адистер чийки заттын коруна баа беришет.
Фабио Фрителли, NextChem
компаниясынын башкаруучу мүдүрү:
– Кол коюлган
меморандум Казакстандагы бир катар демилгелер боюнча келечектеги кызматташуунун
негизи болуп саналат. Булар биринчи кезекте энергетикалык өткөөл долбоорлорду
иштеп чыгууга багытталган. Биз Казакстанда жеткиликтүү ресурс болгон газдан
баштап, аны кайра иштетүүнү камсыз кылышыбыз керек деп эсептейбиз. Казакстан
кайра жанма энергияны масштабдуу ишке ашыруу үчүн аянтча болуп жатканын көрүп
жатабыз. Мен сиздердин өлкөңүз мурунку казылып алынган отун экономикасы менен
жашыл экономиканын ортосунда көпүрө болууга эң ылайыктуу деп эсептейм.
Олжас Шынтаев, Италия-Казакстан
соода палатасынын вице-президенти:
– Бүгүн Ludoil
Energy сыяктуу абдан чоң компаниялар келди. Алар Казакстанда мунай калдыктарын
кайра иштетүү, биоэтанол өндүрүү жана башка ушул сыяктуу технологиялар үчүн
зарыл шарттарды түзүүнү каалашат. Алар көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде Европада
жана Бразилияда иштейт. Биз Ассоциация катары мамлекет башчысы тарабынан
жарыяланган «Мейд ин Казахстан из Итали» долбоорунун үстүндө иштеп жатабыз, ал
келечекте Кытай менен соода кылуу үчүн кээ бир италиялык компанияларды
Казакстанга көчүрүү жана локалдаштырууну камтыйт.
Белгилей кетсек,
учурда Казакстанда 260тан ашык италиялык компания иштейт. Алар энергетика, унаа
жасоо, агроөнөр жай жана башка стратегиялык тармактарда көрсөтүлгөн. Өткөн жылы
эки тараптуу соода жүгүртүү 17 миллиард долларды түзүп, Казакстандын
экспорттогу үлүшү 16 миллиард долларга жетти. Ал эми 2026-жылдын алгачкы эки
айында өлкөлөрдүн соодасы 2,5 миллиард долларды түздү. Италия ошондой эле
Евробиримдиктин Казакстандагы эң ири беш инвесторунун катарына кирет. Эгемендүүлүк
алгандан бери өлкөнүн экономикасына италиялык инвестиция 9,5 миллиард доллардан
ашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

