Өлкөнүн энергетикалык
коопсуздугун камсыз кылуу, эффективдүүлүктү арттыруу жана кайра жанма энергия
булактарын өнөр жайга киргизүүнү стимулдаштыруу. Мажилис ушул жана башка
ченемдерде каралган жылуулук энергиясы жөнүндө мыйзамды жана ага кошумча
документтерди биринчи окууда жактырды. Документти палата өкүлдөрүнө
тааныштырган энергетика министри азыр атайын бул боюнча мыйзам жок экенин билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоору эл аралык
серепчилердин техникалык колдоосу менен иштелип чыккан. Эми анын алкагында тармактык мониторинг жүргүзүү эске
алынды. Муну ишке киргизүү тармактын
учурдагы абалын эске алып, анын өнүгүүсүн сапаттык болжолдоого мүмкүндүк берет.
Документ тарифтик методологияны жакшыртып, кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жөнгө
салуу принциптерин жана критерийлерин белгилейт. Эң негизгиси бул тармакка
мамлекеттик көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда, компетенцияларды жана
милдеттерди кайра бөлүштүрүү көздөлүп жатат.
Алмасадам Саткалиев, Энергетика министри:
-
Азыркы кезде жылуулук
энергиясын жеткирүү функциясын Өнөр жай жана курулуш министрлиги жүзөгө ашырат.
Эми бул функция Энергетика министрлигине жүктөлөт. Өз кезегинде Өнөр жай жана
курулуш министрлиги жылуулук энергиясын керектөө жагынан жылуулук менен жабдуу
системаларына жооптуу болот. Жылуулук бөлүмүндө башкаруу функцияларын кайра
карап чыгуу, тактап айтканда, жылуулук тармактарындагы мониторинг функциялары
эми жергиликтүү аткаруу органдарынан Атом жана энергетикалык көзөмөл жана
башкаруу комитетине өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков