Казакстанда 150 ардагер Жеңиш күнүн белгиледи

Казакстанда 150 ардагер Жеңиш күнүн белгиледи

Быйыл Улуу Жеңиштин 79 жылдыгы белгиленип жатат. Соңку маалыматтар боюнча, учурда Казакстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 148 ардагери жашайт. Көзү тирүү ардагерлердин экөө Шымкентте. Согуш отун көргөн ата мекендик жоокерлердин бири 99 жашка таяп калган Мураталы Төлепберген уулу. Кылымга жакын жашаган аксакал дагы деле тың. Майданда ал Польшанын шаарлары үчүн салгылашкан. Карыя мекен үчүн күрөшүп, бейпил турмушту көрбөгөн баатыр жоокерлердин рухуна таазим кылып, ысымдарын даңазалоо керектигин айтат.

Мураталы Төлепберген уулу, Согуштун ардагери:

- Мен экинчи Беларусь майданынын Рокоссовский башчылык кылган согуш талаасында болдум. Перлиберек, Виттенберг жана Висмар деген кичинекей тарыхый шаар дагы эле эсимде.  Мен ошол шаарды бошотууга катышкан жоокерлердин биримин.

Ошол каардуу жылдарда Нина Мосунова радио-операторлордун тобун башкарган. Казакстандык баатыр кыз Берлинге чейин жеткен. Ардагер жакында өзүнүн жүз жылдык мааракесин белгиледи.

Нина Мосунова, Согуштун ардагери:

- Согуш жөнүндө айткым келбейт. Эстесем өзүмдү коёрго жер таппай калам. Мындай коркунуч эч качан кайталанбасын.

Бугу айынын 9 - Жеңиш күнү ардагерлер өзгөчө сый-урматка бөлөнөт. Баатыр  жандар ар дайым сыйлыкка татыктуу. Бейпил жашоо тартуулаган карыя жоокерлерге өлкөнүн кайрымдуу урпактары чексиз ыраазы.


Которгон: Илгиз Жамалбеков