Бугу айынын 7си - Казакстан мамлекеттик майрам – Ата
Мекенди коргоочулар күнүн белгилейт. Өлкө боюнча аскер кызматкерлери,
ардагерлер жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүнө салым кошкондордун жана анын
көз карандысыздыгын, тынчтыгын, коопсуздугун коргогондордун баары эскерилет.
Казак армиясы 34 жашка толду. Эске сала кетсек, улуттук куралдуу күчтөрдү түзүү
жөнүндөгү Жарлыкка 1992-жылы бугу айынын 7де кол коюлган. 2012-жылы бул күн мамлекеттик майрам
деп жарыяланган. Казак армиясынын курамында кургактагы аскерлер, абадан
коргонуу күчтөрү жана деңиз күчтөрү бар. Аба-десанттык чабуулчу аскерлер да
активдүү. 1990-жылдардан бери өлкө Ливанда, Голан дөңсөлөрүндө, Тажикстанда,
Иракта жана Африкада БУУнун эл аралык тынчтыкты сактоо миссияларына катышып
келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

