Казакстан биздин эң жакын өнөктөштөрүбүздүн бири. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер түрдүү багытта өнүгүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында билдирди. Мындан тышкары, орус лидери эки тараптуу мамилелердин түзүмүн өзгөртүп, жогорку технологиялык өнүгүү багытында иш алып баруу зарылдыгын белгиледи. Бул санариптештирүү, генетика, медицина жана космос тармактары.
Владимир Путин, Орусия президенти:
- Казакстан биздин эң жакын союздаштарыбыздын бири. Казакстан менен өзгөчө мамиле калыптанды. Анын негизи Казакстандын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда түптөлүп, азыр жаңы Президент байланыштын ушундай сапатын камсыздап жатат. Аны менен абдан жакын жана достук карым-катнаш калыптанды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков