Казакстанда жаңы мунай кени табылды. Кара алтындын кору Маңгыстау облусундагы Өзөн кен жайынан аныкталган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында өндүрүлүүчү мунай болжол менен 40 миллион тоннаны түзөт. Бул тууралуу «КазМунайГаз» улуттук компаниясынын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Өзөн кенин чалгындоо боюнча деталдуу программа 2017-жылы башталган. Анын алкагында 3D сейсмикалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, бардык скважиналарга кайрадан талдоо жасалды. Кендин геологиялык 3D модели кайрадан реконструкцияланды. Азыркы учурда жаңы резервдерди эсепке алуу жана аларды өндүрүүнү мерчемдөө максатында кенди иштетүү долбооруна өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков