Казакстанда археологиялык фонд түзүлөт. Бул үчүн өлкөдө 2023-2025-жылдарды камтыган атайын Жол картасы иштелип чыккан. Мындан тышкары, терең тамыр жайган жергиликтүү тарыхты эске алуу максатында казууда табылган табылгалардын жалпы инвентаризациясы түзүлөт. Музейдин фондусуна өткөрүүгө мүмкүн болбогон баалуу экспонаттар анда чогултулат. Алардын баары санарипке өткөрүлөт. Жаңы талаа маалыматтарын системалаштыруу багытында бир катар монографиялык эмгектер жарык көргөн. Мисалы, 2025-2027-жылдары «Казакстан археологиясы» академиялык көп томдугун чыгаруу пландалууда. Археологиялык изилдөөлөрдү камтыган Казакстан тарыхынын биринчи тому келерки жылы окурмандарга сунушталат. Ошондой эле, казак тилинде «Археологиялык сөздөр жана терминдер сөздүгү» түзүлүүдө. «Казак археологиясынын маалыматтары жана изилдөөлөрү» улантылат.
Акан Оңгар, А.Маргулан атындагы Археология институтунун башкы мүдүрү:
-Мында бүткүл Казакстан археологдорунун көп жылдык изилдөөлөрүнүн натыйжалары жарыяланган чоң
монографиялык сериялык басылма болуп саналат. Бул басылманын алкагында 14 тому
жарык көргөн. Үч жылдын ичинде 50 томго жете турган казуу, талаа жана
лабораториялык иштердин чоң базасын түзүп, китеп уюштуралы деген оюбуз бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков