Шаарлардын инженердик инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртууда калктын сунуштарын эске алуу. Казакстандын шаарлары «Берекели бастау» программасына кошулууда. Анын алкагында жарандар өздөрү жашаган шаардын көрүнүшүн жакшыртууга багытталган долбоорду тандап алуу үчүн добуш бере алышат. Мыкты демилге көпчүлүктүн каалоосу менен ишке ашырылат. Бул тууралуу Q88 урбанисттер ассоциациясы кеңешинин төрагасы Ерлан Аукенов билдирди. Анын айтымында, жакында эле өлкөнүн батышындагы Актау жана Атырау шаарларын өнүктүрүү боюнча талаптарды чогултуу кампаниясы жыйынтыкталды. Учурда порталга 98 сунуш жарыяланды. Казакстандыктар эң актуалдуу долбоорго чын курандын 4нөн бугу айынын 4нө чейин добуш бере алышат.
ЕрлаН Аукенов, Q88 урбанистер биримдигинин төрагасы:
– Долбоордун негизги максаты - шаардагы артыкчылыктуу өзгөрүүлөр жараянына жарандарды тартуу болуп саналат. Шаардын жашоочулары эми каалоолоруна ылайык парктарды көрктөндүрүүдөн баштап, спорт аянтчаларын курууга, коомдук жайларды уюштурууга жана мобилдик топторго шарттарды түзүүгө, транспорт реформасын ишке ашырууга же аймактагы экологиялык факторлорду жакшыртууга чейин өз демилгелерин сунуштай алышат.
Пилоттук демилгеге кошулуучу кийинки шаарлардын бири катары Павлодар тандалды. Жергиликтүү тургундардан сунуштарды чогултуу кулжа айынын 8не чейин уланат. Андан соң эң мыкты долбоорлор добуш берүү аркылуу тандалат. Ерлан Аукеновдун айтымында, программага мүмкүн болушунча Казакстандын шаарларын киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Алардан кийин тизмеге Шымкент, Рудный, Аксу жана Хромтау кирүүсү мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков