Казакстанда көпүрөлөр, кесилиш жолдор менен эстакадалардын электрондук маалымат базасы түзүлөт

Казакстанда көпүрөлөр, кесилиш жолдор менен эстакадалардын электрондук маалымат базасы түзүлөт

Жол илим-изилдөө институту Европалык тажрыйбанын негизинде адистештирилген системаны иштеп чыгууга киришти. Бүгүнкү күндө казакстандык адистер Даниянын, Финляндиянын, Германиянын, Норвегиянын, Түштүк Африканын, Швециянын, Швейцариянын жана Улуу Британиянын маалыматтарын талдап чыгышты.

Айдос Елшибаев, Казакстан жол-изилдөө институтунун вице-президенти:

- Көпүрөлөрдүн ишин башкаруунун бирдиктүү системасы иштелип чыкты. Диагностикалоо жана аспаптык текшерүүдөн кийин маалыматтар аталган системага киргизилет. Тутум республикадагы көпүрөлөрдүн абалы жөнүндө автоматтык түрдө калыптандырылып, аны оңдоого жумшалган каражаттарды аныктайт. Ошондой эле кемчиликтерди автоматтык түрдө аныктоого мүмкүндүк берет. Бул көпүрөнү оңдоого каражатты оптималдуу бөлүштүрүүгө жана айдоочулардын коопсуз өтүүсүн камсыз кылууга шарт түзөт.

Серепчилердин айтымында, так маалыматка тез жетүүнүн жоктугу кээде стратегиялык жол объектилерин оңдоо, модернизациялоо, реконструкциялоо жана куруу иштерин пландаштырууну жана жүргүзүүнү кыйындатат. Эми заманбап маалымат системасы ар бир түзүмдүн паспорттук маалыматтарын жана алардын абалы боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыгын камтыган заманбап электрондук маалыматтарды чогултат. Кошумчалай кетсек, долбоордун алкагында республикалык маанидеги жолдордогу бардык көпүрөлөр жана ашуулар санариптештирилет. Топтолгон маалыматтар сайтка жүктөлүп мамлекеттик, долбоорлоо жана курулуш уюмдарынын кызматкерлерине жеткиликтүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков