Казакстандын Жогорку окуу жайлары жана илимий-изилдөө институттары биргелешип адистерди даярдайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов билдирди. Ошондой эле, алар студенттердин иштерин кароого жана илимий долбоорлорго жетекчилик кылууга катышат. Алгачкы этапта 500 билим берүү программасы иштелип чыгат. Мындан тышкары, магистранттар менен докторанттарга окуу жайлардын лабораториялары жеткиликтүү болот.
«Азырынча соңку илимий жетишкендиктери менен бөлүшүү максатында илимий-изилдөө институттарынын 300дөн ашык окумуштуулары жогорку окуу жайларында дарс окууга тартылат. Ушул убакытка чейин алар окутуучулукка жигердүү катыша элек. Деген менен учурда муктаждык бар», - дейт тиешелүү мекеме башчысы.
Ошондой эле, 100дөн ашык биргелешкен диссертациялык кеңештер иштейт. Электрондук лабораториялык маалымат системасы түзүлөт. Ал изилдөөчүлөргө өлкөдөгү кайсы университеттерде керектүү лабораториялар бар экендиги тууралуу маалымат алууга жана алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга жардам берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков