Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө жашыл технологияларды колдонуу. Маңгыстау облусунда жыл бою жем-чөп өстүрүүнүн жаңы технологиясы колдонулат. Дыйкан Исатай Сактаганов атайын цех ачып, керектүү техникаларды даярдап койгон. Бул жерде сууга чыланган арпанын уруктары бир нече күндө даяр көчөткө чейин көтөрүлөт. Сугат системасы суткасына эки жолу автоматтык түрдө иштеп, атайын микроклиматты кармап турат. Дыйкандын айтымында, гидропоникалык орнотууларда өстүрүлгөн тоют өнүмдүн сапатына жакшы таасир этет.
Исатай Сактаганов, Шетпе айылынын тургуну:
- Айына 400 кг эгем, 400 килограммдан 4 тонна чыгат. Каз, өрдөк, үндүк бакса болот, быйыл багып баштайбыз. Аларды багуу кыйын эмес, чөп көп керектелбейт.
Ал эми бул гидропоникалык күнөсканада помидор түрк технологиясы менен өстүрүлөт. 3 айдын ичинде эле алгачкы 150 килограмм түшүм берди, дешет дыйкандар. Алдыдагы убакытта дагы эки күнөскана куруп, анда бадыраң, укроп өстүрүү мерчемделип жатат.
Амангүл Узакбаева, агроном:
- Өнүмдү санэпидстанцияга экспертизага жөнөткөнбүз, ошол экспертизанын жыйынтыгы менен 100 пайыз жегенге жарамдуу деп табылды. Биз абдан кубанып, ишибиздин жемиши деп билдик. 1 жылда жай мезгилинде 1 сезон аяктайт. Ошол убакытта 150-160 тонна помидор алабыз деген мерчемибиз бар.
Орынгали Күзембаев, Маңгыстау району айыл чарбасы бөлүмүнүн башчысы:
- Былтыр селитрага 18 чарба кожолугу субсидия алган. Анын үчөө суу үчүн. Бул күнөсканалардын жана огороддордун өнүмдөрүн жергиликтүү дүкөндөрдүн текчелеринен тапса болот. Баалар Актауга караганда арзан. Азыр помидор үчүн шаарга баруунун кереги жок, күнөсканалардан алуу алда канча пайдалуу.
Өткөн жылы жергиликтүү чарбалар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө 160 миллион тенгеден ашык субсидия алышкан. Бул каражатка дыйкандар керектүү техникаларды, минералдык жер семирткичтерди сатып алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков