Логистика ЕАЭБдин экономикалык өз ара аракеттенүүсүнүн негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп саналат. Жыл башынан бери союздун ичиндеги жүк ташуучулардын көлөмү 2,5 миллиард тоннадан ашты. Мындай шартта товарлардын өткөрүү пункттарынан тоскоолдуксуз өтүшү өзгөчө мааниге ээ. Ал эми санариптик чечимдер процессти тездетет. Евразия экономикалык комиссиясынын бажы кызматташтыгы боюнча министри Сергей Шкляев мисал катары Казакстанды келтирди. Өлкөдө «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бажы процесстерин автоматташтырган жана бириктирген KEDEN маалыматтык системасы иштейт. Орусия дагы кулжа айынын 1нен тарта өзүнүн механизмин киргизүүдө. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген жеткирүүлөрдү көзөмөлдөө үчүн SPOT системасы жүктүн маалыматтарын электрондук форматта алдын ала ырастоого жана жалпы рыноктун ичиндеги ак ниет бизнес үчүн товарлардын жылышын жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет.
Сергей Шкляев, Евразия экономикалык комиссиясынын бажы
кызматташтыгы боюнча министри:
– Эмне
болот? Эки маалымат булагын салыштыруу – бул товардык-транспорттук коштомо
кагаз жана QR-код боюнча маалымат. Эч кандай текшерүүлөр, эч кандай кошумча
бажы көзөмөлү колдонулбайт. Биринчиден, программалык өнүмдөрдү түзүү
камсыздалды. Экинчиден, өткөрүү пункттарында, бардык автоунаа өткөрүү пункттарында
QR-коддорду онлайн режиминде окуу мүмкүнчүлүгү камсыздалды. Мына ушул типтүү
санариптик чечимдерди изилдеп, тажрыйба алмашып, эң жакшысын негиз катары алып,
нормативдик жактан бекитүү зарыл.
Жакынкы Чыгыштагы геосаясий туруксуз абалдын фонунда
салттуу деңиз жолдорун айланып өтүүчү кургактык жана мультимодалдык
коридорлордун актуалдуулугу жогорулады. Казакстан эл аралык соода үчүн коопсуз маршруттардын
бирин – Ортоңку коридорду сунуштай алат. Бул ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикасына
оң таасирин тийгизип, жеткирүүлөрдү диверсификациялоо жана сооданын көлөмүн
көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн ачат, деп белгилейт Дүйнөлүк экономиканы изилдөө
борборунун мүдүрүнүн орун басары Алишер Базарбаев. Көптөгөн өлкөлөр Транскаспий
транспорттук маршрутунун эффективдүү иштешине жана андан ары өнүгүшүнө
кызыкдар.
Алишер Базарбаев, Экономикалык изилдөөлөр институтунун
Дүйнөлүк экономиканы изилдөө борборунун мүдүрүнүн орун басары:
– Курык жана Актау порттору жетиштүү көлөмдөгү кубаттуулуктарды өткөрсө дагы, бул жетишсиз жана дараметти көбөйтүү зарыл. Экинчиси, мультимодалдык транзакциялык чыгымдар, башкача айтканда, транспорттун түрүн алмаштыруу, бажы процедурасы жана башкалар. Бул багытта эл аралык уюмдар менен биргеликте маршруттарды стандартташтыруу жана жөнөкөйлөштүрүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселе чечилет деп үмүттөнөбүз жана Ортоңку Коридор жакшы альтернативдүү булак болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

