Казакстандын
президенти бугу айынын 20-21-күндөрү Венгрияга барат. Бул
тууралуу Акорданын басма сөз кызматы билдирди. Касым-Жомарт Токаев Түрк
мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышат. Иш-чарага Азербайжан,
Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери да чакырылган. Белгилей кетсек,
бул Уюмдун тарыхында биринчи жолу бейрасмий саммит байкоочу өлкөнүн аймагында
өткөрүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

