Энергетикадан
жана транспорттон баштап соодага жана санариптештирүүгө чейин. Ушул жана башка багыттар
боюнча өз ара аракеттенүүнү Астанада Касым-Жомарт Токаев менен Европа Кеңешинин
президенти сүйлөшүүлөрдө
талкуулашты. Белгилей кетсек, Антониу Кошта Казакстанга биринчи жолу расмий сапар
менен келди. Мамлекет башчысы бул учурду Кеңейтилген өнөктөштүк жана
кызматташтык жөнүндөгү макулдашуунун 10 жылдыгынын алкагында символикалуу деп
белгиледи. Казакстан – Европа Биримдиги менен ушундай тарыхый документ түзгөн
аймактагы биринчи өлкө.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз
сиздин сапарыңызга өзгөчө маани беребиз. Бул Казакстан менен Европа Биримдигинин
ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө болгон өз ара
даярдыгыбыздын дагы бир далили. Биз өз ара урматтоого жана түшүнүккө
негизделген бекем жана мазмундуу өнөктөштүктү колдойбуз. Биздин саясий
диалогубуз динамикалуу жана өз ара кызыкчылыкты туудурган көптөгөн багыттар
боюнча өнүгүүдө.
Европа
Биримдиги Казакстандын эң ири соода жана инвестициялык өнөктөшү бойдон калууда.
Өткөн жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 50 миллиард долларга жакын суммага
жетти. Ошол эле учурда Европа Биримдигинин Борбор Азия менен соодасынын 80%ы
өлкөгө туура келет. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле өлкөнүн европалык бизнес үчүн
туруктуу жана ачык-айкын инвестициялык климатты мындан ары да колдоого
умтуларын ырастады. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле визалык режимди
жөнөкөйлөтүү багытындагы аракеттерди кубаттап, аймактык өнүгүү үчүн С5+ЕБ
форматынын натыйжалуулугун жогору баалады. Европа Кеңешинин башчысы өз
кезегинде казак-европалык өз ара аракеттенүүнүн жогорку динамикасын белгиледи.
Антониу
Кошта, Европа кеңешинин
президенти:
- Мунай жана уран
жеткирүү боюнча үчүнчү орунга чыккан Казакстан Европанын экономикалык
коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Бүгүнкү күндө биз
мамилелерибизди бекемдөөнүн жана экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн жаңы
этабына кирип жатканыбыз айдан ачык.
Сүйлөшүүлөрдүн
жүрүшүндө тараптар энергетикалык өз ара аракеттенүүгө, атап айтканда,
критикалык маанилүү минералдар, атомдук энергетика, мунай-химия, ошондой эле кайра
жанма энергия
булактары сыяктуу багыттарга өзгөчө көңүл бурушту. Транспорттук жана
логистикалык байланыштарды кеңейтүү, анын ичинде Транскаспий транспорттук
маршрутун биргелешип өнүктүрүү маселеси да көңүл сыртында калган жок.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Казакстан
менен Европа Биримдигинин ортосундагы координациялык платформанын активдүү
ишмердүүлүгүн, ошондой эле Евро
Биримдиктин Global Gateway демилгесин
кубаттайбыз. Казакстан Европа Биримдигинин Борбордук Азия үчүн 12 миллиард евро
өлчөмүндөгү инвестициялык пакетин колдоого даяр, ал транспорт, чийки зат
ресурстары, «жашыл» энергетика жана
санариптик технологиялар тармактарында долбоорлорду ишке киргизүүгө багытталат.
Биргелешип Казакстанды Евразия мейкиндигиндеги негизги транспорттук түйүнгө
айландыра алабыз деп ишенебиз, бул бардык тараптарга пайда алып келет.
Мындан
тышкары, Astana Hubда Борбор Азия менен Евро Биримдиктин биринчи инновациялык кампусу ачылышы
мүмкүн. Анын милдети стартаптарды, иштеп чыгуучуларды жана санариптик
ишкерлерди бириктирүү болот. Тараптар бул мүмкүнчүлүктү карап чыгууга
макулдашышты. Албетте, сүйлөшүүлөрдө Казакстан менен Евробиримдик БУУнун Уставына жана эл
аралык укуктун ченемдерине өзгөрүүсүз берилгендигин дагы бир жолу тастыкташты.
Андан ары, салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Европа Кеңешинин
Президентин I даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.
Мамлекет башчысы Антониу Коштанын Казакстан менен Европа Биримдигинин
ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон зор салымын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

