V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң көрүнүктүү мелдештеринин бири – казак күрөшү. Азыр өлкөнүн балбандары кызуу даярдык үстүндө. Спорттун бул түрү боюнча 8 спортчу күч сынашат. Алардын бири Мейиржан Берекетов. Ал 15 жылдан бери далысы жер жыттабаган тажрыйбалуу балбан. Мейиржан килем үстүнө 60 килограмм салмакта чыгат. Спортчуга «Кызылжар арландары» клубундагы машыктыруучулары менен командалаштары шериктеш болуп, ага чоң ишеним артууда.
Алтынбек Аусагитов, спорт кулубунун мүдүрү:
– Биздин балбан Кыргызстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында спорттун бул түрү боюнча катышкан. Анда ал атаандашына алдырып ийип, күмүш медаль алган. Быйыл ал Казакстандын чемпиондугун жеңип, бул мелдешке жолдомо алды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков