Өзбек спортчуларынын тарыхый жетишкендиги. Улуттук курама
команда биринчи жолу 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалдык этабына жолдомо
алды. Тандоо этабынын акыркы беттеши Ташкентте Өзбекстан менен Катардын футбол
командаларынын ортосунда өттү. Борбор Азиянын спортчулары эсепти биринчи таймда
ачышты. Ал эми экинчи таймдын аягында атаандаштардын дарбазасына үчүнчү голду киргизди.
Ошентип Өзбекстандын курама командасы 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Белгилей
кетсек, Өзбекстан үчүнчү тандоо этабынын «А» тобунда ойногон. Дээрлик бир жыл
жашыл талаада улуттук курама Иран, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Кыргызстан,
Түндүк Корея командалары менен жолугушууларды өткөрдү. Бардык оюндардын
жыйынтыгында өзбек спортчулары 21 упай топтошту. Бул республиканын футбол
тарыхындагы рекорд. Өзбекстандын курама командасы мундиалга жолдомону
мөөнөтүнөн мурда утуп алды.
Уткир
Юсупов, Өзбекстан курамасынын дарбазачысы:
- Керемет!
Космостук саякат жасагандай сезим болду. Бизди колдогон күйөрмандарга терең
ыраазчылык айтабыз.
Улуттук курама команданын футболчулары жана машыктыруучулары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты. Өзбекстандын президенти оюнчуларга орден, медаль жана ардак наамдарды тапшырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

