Казакстан намысын Кытайда өтө турган кышкы Азия оюндарында 138 спортчу коргойт

Казакстан намысын Кытайда өтө турган кышкы Азия оюндарында 138 спортчу коргойт

Казакстандын курама командасы Кытайдагы 9-кышкы Азия оюндарында сноубордду кошпогондо спорттун 6 түрү боюнча бардык 10 дисциплинага катышат. Мелдеш бирдин айынын 7-14 күндөрү Харбин жана Ябули шаарларында өтөт. Жалпысынан өлкө намысын 138 спортчу коргойт. Алар 51 комплект медаль үчүн ат салышат. Бул тууралуу туризм жана спорт министрлиги билдирди. Мекеменин маалымдашынча, коньки жана лыжа жарышы боюнча спортчулар алгачкылардан болуп өнор көрсөтөт. Алдыда боло турган кышкы оюндардын программасына коньки тебүү жана лыжа спорту, биатлон, керлинг, шайба менен хоккей, ски-альпинизм түрлөру киргизилген. Жалпысынан Азиянын 32 өлкөсүнөн миңден ашуун спортчунун катышуусу пландалууда. Алар 64 медаль үчүн өз ара ат салышат.


Ербол Мырзабосынов, Туризм жана спорт миинстри:

- Казакстандын курама командасы 1996-жылдан бери кышкы Азия оюндарында алдыңкы төрттүктү ээлеп келет. 2017-жылы Саппородо Казакстан 32 медаль утуп, жалпы командалык эсепте 4-орунду багындырган. 2025 - жылы Харбинге барган делегациянын жарымынан көбү Астана, Алматы жана Чыгыш Казакстан облустарынан чыккан спортчулар. Оюндарга сапаттуу даярдык көрүү үчүн улуттук курама команда 137 окуу-машыгуу жыйындарын өткөрдү. Мындан тышкары спортчулар 86 эл аралык мелдешке катышып, 33 медаль утуп алышты.


Которгон: Илгиз Жамалбеков