Казакстандыктар ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Дүйнө жүзү болчу мелдешти быйыл 5 ата мекендик телеканал көрсөтүүгө укук алды. Ачылыш аземди көрүүчүлөр үйдөн эле эмес, ири соода борборунан, ошондой эле борбор калаанын борбордук сейил багындагы чоң экрандан көрө алышат. Акыркысын Jibek Joly телеканалы уюштурду. Борбордук сейил бакка чогулган борбор калаанын тургундары жана коноктору быйылкы жайдын негизги иш-чарасы башталганга чейин ата мекендик эстрада жылдыздарынын концертине күбө болуп, оюн-зоок программасына активдүү катышмакчы. Күйөрмандарды бир тилек бириктирип турат. Өлкө намысын коргогон спортчуларга ийгилик жана жеңиш менен кайтуу.
- Улуттук курамага күйөрмандык кылабыз. Көп алтын аларына ишенебиз.
- Мен өзүм мушкермин. Париж олимпиадасына бара жаткан мушкерлердин ар бири менен жолугуп, мастер-класстарына катыштым. Даярдыктарды көрдүм. Биздин команда алтын алып келерине ишенем.
- Парижде Олимпиада өтөөрүн билебиз. Биз Казакстандын жараны болгондуктан, албетте, улуттук курама командабызга күйөрман болобуз. Алга Казакстан!
- Биз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Өлкөбүздүн спортчуларына ишенебиз. Атлетчилерибиз дүйнөлүк мелдештерде орун алып жүрүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков