Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жарымын казактын улуттук спорт түрлөрү түзөт

Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 мамлекет катышары тастыкталды. Эскерте кетсек, быйыл аяк оона айынын 8-13 аралыгында Астанада улуу талаа мелдештери өтөт. Мелдештин программасынын жарымы казак, калганы түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук оюндары болмокчу. Жалпысынан спорттун 21 түрүнүн мыктылары аныкталат. Бул тууралуу тармактык башкармалыктын өкүлдөрү билдирди. Жалпы байге фонду 253 миллион теңгени түзөт. Каражаттар жеке жана командалык мелдештерге коюлат. Мисалы, көк пар менен көк бөрү жеңүүчүлөрүнө 10 миллион теңге берилет. Спорттун жеке түрлөрү боюнча алтын медаль алгандар 500 миң теңгеден алышат. Жалпысынан мелдештин катышуучулары борбор калаанын 7 негизги спорттук объектисинде күч сынашат. Беттештин салтанаттуу ачылыш аземи Астана-аренада өтөт.

Наиль Нуров, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекциянын башчысы:

– Көлөмү жана мааниси боюнча 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өлкөнүн баш калаасынын башкы спорт аянтчасында болгону максатка ылайыктуу. Биз 2 миңден ашык спортчуну кабыл алууга даярбыз. Бүгүнкү күндө 89 мамлекет мелдештерге катышарын тастыктады. Кошумчалай кетсек, оюндарды көрүү үчүн чет элдик жана ички туристтерди кошкондо жүз миңге жакын конок келээри күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков