Казакстандын Астана шаарында өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына
Кыргызстанда жасалган коллекциялык монеталар коңшу өлкөдө жүгүртүүгө кирди. Ал төрт бурчтуу формада,
өзгөчө дизайнда жасалган. «Ат чабыш» деп аталган бул монетанын
дизайнында дал ушул улуттук спорттун образы чагылдырылган. Монетанын алдыңкы
бетинде ипподромдо чуркаган эки чабандездин сүрөтү тартылган. Кыргызстандын
Улуттук банкынан билдиришкендей, бул Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын
маанилүүлүгүн көрсөтүү максатында жарыяланды. Спорттук иш-чара көчмөн элдердин
уникалдуу руханий жана маданий мурастарын эл аралык деңгээлде сактоого жана
жайылтууга жардам берет.
Медина
Ашыралиева, нак ачка менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы:
– «Ат чабыш» монетасы бул сериядагы 4-монета. Алгачкысы 2016-жылы чыккан.
Ал биринчи жолу Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр
оюндарынын алдында жарык көрдү. Бул монета сериясы чарчы формада жана далилдүү
сапатта басылган. Ал миң нускада чыгарылып, анын эң жогорку 925и үлгү катары
жасалган. Ар бир монетада анын сапатына тастыктаган атайын сертификаты болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков