Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору тааныштырылды

Казакстанда жаңы Конституциянын долбоору тааныштырылды

Алтынчы конституциялык реформа боюнча жыйында Казакстандын жаңы Конституциясынын биринчи долбоору сунушталды. Ал Преамбуладан, 11 бөлүмдөн жана 95 беренеден турат. Преамбулада өлкөнүн тарыхый жолун жана анын мындан аркы өнүгүү багыттарын чагылдырган жалпы улуттук баалуулуктар бекитилген. Долбоорду даярдоодо жарандардан, коомдук уюмдардан, саясий партиялардан жана серепчилерден 6 ай ичинде келип түшкөн сунуштар, ошондой эле Комиссия мүчөлөрүнүн сын-пикирлери жана сунуштары эске алынды. Долбоордун негизги жоболору тууралуу өлкөнүн мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин айтып берди. Ал биринчи жолу Преамбулада адамдын укуктары жана эркиндиктери мамлекеттин башкы артыкчылыгы, ал эми биримдик жана ынтымак казак мамлекеттүүлүгүнүн негизи катары аныкталганын белгиледи. Ошондой эле жаңы Конституцияда эмгектин, билимдин жана өнүгүүнүн баалуулуктары бекитилип, экологияга жана маданий мурастарды сактоого басым жасалары белгиленди. Аягында Мамлекеттик кеңешчи өзгөртүүлөргө дуушар болгон Конституциянын айрым беренелеринин маанисине токтолду.

Ерлан Карин, Мамлекеттик кеңешчи, Конституциялык реформа боюнча комиссия төрагасынын орун басары:

- I бөлүмдүн 3-беренесинин редакциясында Казакстан Республикасынын ишмердүүлүгүнүн негизги принциптери көрсөтүлгөн: эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты коргоо; адамдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо; мыйзам үстөмдүгүн жана тартипти камсыз кылуу; жалпы улуттук биримдикти бекемдөө; элдин бакубаттуулугун жогорулатуу; жоопкерчиликтүү жана жаратман патриотизм идеясын калыптандыруу; тарыхый-маданий мурасты сактоо; улуттук маданиятты колдоо. Көрүп турганыңыздардай, берененин камтуусу жана масштабы кыйла кеңейди. Бул норма жаңы Преамбула менен шайкеш келет, ошондуктан аны жаңы Конституциянын долбоорундагы Преамбула менен катар маанилүү норма деп атоого болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков