Казакстанда жылдын аягына чейин 6 миңден ашык суу каналы санариптештирилет. Ошондой эле гидротехникалык объектилерди санариптик система менен камтуу деңгээлин 100% жеткирүү пландаштырылган. Бул тууралуу Суу ресурстары жана ирригация министрлиги билдирди. Жалпысынан бүгүнкү күндө мекеме тарабынан иштелип чыккан Суу ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы 22 миң суу объектисин камтып турат. Анын ичинде 17 миңден ашык дарыя, 4 миңге жакын көл жана гидротехникалык объектилердин 60% бар. Ушул тапта түштүк аймактагы 65 миң гектар жерди сугарган 100дөн ашык каналда автоматташтыруу иштери жүргүзүлүп жатат. Башкача айтканда, аларды башкаруунун бирдиктүү платформасы киргизилмекчи. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы узундугу миң чакырымдан ашкан 270 суу каналы жаңыланган. Азыр алардын баары санариптик системага келтирилип жатат. Ал эми 264 каналга заманбап суу эсептөө системаларын киргизүү боюнча долбоорлоо-сметалык документ иштелип чыгууда.
Рамазан Абдикаримов,
Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин башкы серепчиси:
– Муну менен
катар өлкөнүн бирдиктүү суу балансы түзүлөт. Бул суу чарба участокторунун
бөлүштүрүлүшүндөгү суунун так агымын, суу сактагычтардагы топтолуу көлөмүн жана
сууну керектөө деңгээлин салыштырууга мүмкүндүк берет. Гидротехникалык
курулуштардын жана суу объектилеринин коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда. Космостук
мониторинг менен гидробекеттердин маалыматтары интеграцияланууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

