Казакстан балык чарба субъектилерин балык жана башка
суу жаныбарларына мониторинг жүргүзүү үчүн атайын маалымат системасына
каттатууну көздөөдө. Мындай чара өлкөдө балык өнүмүнүн көмүскө жүгүртүлүшүн
болтурбоого мүмкүндүк берет. Казакстанда аквакультура жүргүзүү маселелерин жаңы
мыйзам жөнгө салат. Аны башка мыйзам долбоорлоруна өзгөртүүлөр менен кошо
Мажилис кабыл алып, Сенаттын кароосуна жөнөткөн. Жаңычылдыкка ылайык, эми көлмө
же участокту бекитүү сынагына катышкан ишкерлер милдеттүү кепилдик төгүмүн төлөшү
керек. Депутаттардын пикиринде, бул бизнестин алган милдеттенмелерин
аткаруусуна кепилдик берет. Ошондой эле, түзөтүүлөр абийирсиз ишканалардын
реестрине киргизилет. Ага
туш болгон ишкерлер 5 жылдын ичинде көлмөлөрдү пайдаланууга арыз бере алышпайт.
Түзөтүүлөрдө экология министрлиги менен Айыл чарба министрлигинин ыйгарым
укуктарын бөлүштүрүү каралган. Өнүмдөрү тышкы рынокко багытталган
өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында «электр энергетикасы туралуу» мыйзамга атайын
инвестициялык тарифти киргизүү боюнча өзгөртүүлөр орун алды. Жалпысынан
документ өлкөдөгү балык чарбаларынын ишин жөнгө салууга, экспорттоочуларга
колдоо көрсөтүүгө жана ошол эле учурда суу ресурстарына зыян келтирбөөгө
мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

