Казакстанда чын куран айынын 12си илим кызматкерлеринин күнү

Бүгүн Казакстанда илим кызматкерлеринин күнү. Өлкөдө бул майрам 2012-жылдан бери белгиленип келет. Айта кетсек, аталган тармакта иштеп жаткан 25 миң ата мекендик окумуштуунун 36%ын жаштар түзөт. Акыркы эки жылда гана бул катарга минден ашык жаш изилдөөчүлөр кошулду. Аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүүдө. Жыл сайын өлкө боюнча бул багыттагы таланттуу адистерге 50 мамлекеттик стипендия ыйгарылат. Ошондой эле, табият таануу жана гуманитардык илимдердин мыктыларына "Дарын" сыйлыгын берүү  салты калыптанган. Быйылкы жылдан баштап кесиптик майрамдарда жаш окумуштуулардын саммити өткөрүлө турган болду. Анда тармактын дарамети менен актуалдуу маселелер талкууланат. Мындан тышкары, мыкты илимий долбоорлор сунушталат. Бул жаатта эл аралык тажырыйбаны арттыруу жагына көңүл бурулат.

Ринат Елшибеков, Илим жана билим министрлигине караштуу илим комитетинин башкарма жетекчиси: 

– Экинчи этапты эл аралык илимий борбор менен биргеликте жасайбыз. Биздин максат – эл аралык илимге тартуу. Бул жаатта биз эл аралык лабораториялар менен кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылып жатабыз. Муну менен катар Жапониядан келе турган адистерди чакырттык.

–  Нурхат Жакиев, PHD доктору:

Конкурска биз экология, энергетика жана суу маселелерин интеграциялаган компьютердик моделдөө жасагабыз келет. Бул жерде Казакстандын энергетикалык коопсуздугу бар. Алардын энергетикалык көз карандысыздыгы, социалдык маселелери камтылат. Анын ичинде экология жана айлана-чөйрөгө буу газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтуу. Ошол багытта изилдөө жүргүзүп жатабыз. Биздин команда келечекте Казакстандан тышкары европалык долбоорлорго буйрутмаларды иштеп чыгууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков