Казакстанда жарылышты коргоого артыкчылык берилди

Казакстанда жарылышты коргоого артыкчылык берилди

Казакстандын ШКУга төрагалык кылып турган кезинде жаратылышты коргоого артыкчылык берилди. Мунун бир далили, быйылкы жыл уюм тарабынан «Экология жылы» деп жарыяланды. Буга байланыштуу өлкөнүн өнөр жай министрлиги беш окшош документти иштеп чыккан. Кызматташтыктын тарыхында биринчи жолу калдыктарды башкаруу боюнча мамлекет башчыларынын кеңешинин декларациясы жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы өкмөттөрдүн кызматташуусу жөнүндө макулдашуу кабыл алынды. Мындан тышкары, мүчө мамлекеттердин бул багыттагы кызматташтыгынын 2025-2027-жылдарга арналган концепциясын ишке ашыруу планы бекитилди.  Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана экологиялык туризм боюнча кызматташуусун өнүктүрүү программасы бул тармакка дем берет деген чоң үмүт бар.

Айгерим Куат, экология жана табигый ресурстар министрлиги департаментинин мүдүрү:

– Бул план маселелердин кеңири спектрин камтыйт. Абанын булганышы, суунун булганышынын алдын алуу, климаттык маселелер, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана таштандылар. Бул документтер бул мамлекеттер менен бирге бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Ал эми мүчө катары ар кайсы географияда жайгашкан түрдүү мамлекеттердин бай тажрыйбасын алмашуу. Мисалы, биз бул маселелер боюнча тажрыйбабызды бөлүшөбүз. Биз ошондой эле илим маселелерине байланыштуу илимий-техникалык тажрыйба алмашып турабыз. Мындай көптөгөн документтерде мен айткан багыттар боюнча аракеттер бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков