V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1300 ыктыярчы кызмат кылат

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1300 ыктыярчы кызмат кылат

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1300 ыктыярчы ар кандай багытта иш алып барат. Волонтерлордон 4500дөн ашык арыз түшкөн. Алардын арасында Кыргызстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Германия, Франция, Испания, Корея, Түркмөнстан, Гана Республикасынан талапкерлер бар. Ыктыярчылардын алдында иш-чаранын конокторун тосуп алуу жана коштоо, спорттук объекттерде маалыматтык колдоо көрсөтүү жана башка уюштуруучулук иш-чаралар жүктөлөт.  Алар кийим-кече, тамак-аш, транспорт жана интернет сыяктуу бардык керектүү нерселер менен толук камсыздалган. Учурда Астанага 8 өлкөдөн чет элдик активисттер келүүдө. Казакстанга алгачкылардан болуп 10 кыргызстандык ыктыярчы кадам таштады.

Саулет Абуов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча ыктыячылар менен иштөө дирекециясынын башкы адиси:

– Ыктыярчыларды кабыл алуу үчтүн айынын аягында башталган. Бардык университеттер, колледждер жана ыктыярчылардын катарында чоң кишилер да бар. Астана шаарындагы жигердүү узак жашоо борборунун ыктыярчылары да кирди. «Күмүш» ыктыярчылар демекчи алар да биздин катарга кошулушту. Негизинен ыктыярчыларды чет тилдерин, казактын каада-салтын, улуттук оюндарын билгендигине карап тандап алдык. Анткени казак маданиятын, меймандостугун көрсөтүү дал ушул ыктыярчылар аркылуу ишке ашат.

Ербол Бахтияр уулу, ыктыярчы, Кыргызстан:

– Менин ыктыярчы болуп жүргөнүмө 4-5 жылдай болду. Ар кандай жакшы иштерге катышып, муктаж болгондорго жардам колун сунууга даярбыз. Мындай эл аралык иш-чаралардан четте калбоого аракет кылабыз. Бизге бардык атайын кийим-кечелерди, керек нерселерди берип, чапан кийгизишти. Баарыбыздын көңүлүбүз көтөрүңкү.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ыктыярчылардан тышкары 150 медицина кызматкери жана 50 ветеринар тартылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков