Silk Way
Star музыкалык мегадолбоорунун финалисттери аныкталды. Тогузунчу эпизод чечүүчү
жарым финал болуп, анда катышуучулар биринчи жолу казакстандык артисттер менен
дуэт аткарышты. Сынактын жыйынтыгында Казакстан, Малайзия, Грузия, Монголия,
Кытай, Армения жана Өзбекстандан келген ырчылар алдыга чыгышты. Жарым финалда
артисттер өздөрүнүн автордук ырларын, улуттук чыгармаларын жана өлкөлөрүнүн
хиттерин тартуулашты, ал эми эл аралык калыстар тобу катышуучулардын
даярдыгынын жогорку деңгээлин белгилешти.
Жаркынай Ханайым, Казакстандын
эмгек сиңирген ишмери:
- Мен кытай тилинде ырдайм
деп эч качан ойлогон эмесмин. Бирок, обонун уккандан кийин бул чыгармага ашык
болуп калдым. Чжан мага жардам берди, сахнада биз бири-бирибизди абдан жакшы
түшүндүк - ал чыныгы кесипкөй.
Чжан
Хэ Сюань, Silk Way Star катышуучусу, Кытай:
- Бул
кытай ыры, анда кайгылуу окуя баяндалат - сүйүшкөндөр үч кылым бою бирге боло
алышкан эмес. Сахнадагы өнөктөшүм аны терең сезип, бардык эмоцияларды өзүнүн
аткаруусунда жеткире алды. Мен кытай болсом да, анын аткаруусуна абдан таң
калдым.
Алдыда көптөн күткөн финал турат, анда ушул ишембиде – жетинин айынын 22де - ким “Жибек жолунун жылдызы” наамын алаары белгилүү болот. Эскерте кетсек, Silk Way Star шоусу 12 өлкөдөн келген аткаруучуларды чогултуп, калыстар тобунун жана миллиарддаган көрүүчүлөрдүн колдоосуна ээ болуп, аймактын жаңы маданий брендине айланды. Ушул ишембиде эле сүйүктүү катышуучусун колдоону каалагандардын баарына мүмкүнчүлүк бар. Ага ылайык – өз добушуңузду долбоордун расмий сайтында берсеңиз болот – SilkWayStar.org.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

