Казактын баатыр кызы Алия Молдагулованын өмүрүнө жасалма интеллект аркылуу саякат. Бул үчүн Актөбе облустук мемориалдык музейи санариптик технология мүмкүнчүлүктөрүн кеңири колдонот.
Музей конокторун кызматкер эмес, виртуалдык гид тосуп
алат. Ал келгендер менен 5 тилде сүйлөшөт. Андан ары VR-көз айнегин тагып, Алиянын
туулган айылына, анын балалыгына саякат жасалат. Музей адистери каармандын ар
бир кадамын көз жаздымда калтырбай баяндоого аракет кылышкан. Анын тарбияланган
балдар үйү, мектеби менен Ленинград блокадасына чейин баяндалат. Согушта
жакындарына кат жазган учуру таасирдүү чыккан. Муну Жасалма интеллекттин
жардамы менен голограмма аркылуу көрүүгө болот. Ошондой эле, мерген кыздын соңку
кармашы тууралуу чакан тасма да иштелип чыккан. Андагы көрүнүштөргө
компьютердик графика жана 3D мэйппинг
карта аркылуу кыймылга келтирилген.
Жанар Максүтова, Облусттук мемориалдык музейинин мүдүрү:
- Бизде Алиянын мергендигин көрсөткөн диаграмма бар. Соңку
салгылаш Алия Козачейха түбүндө жараланып, ал тууралуу тарыхый учурларды көзү
менен көрүп, чыныгы тасма көргөндөй таасир ала турган диаграммабыз бар.
Бүгүнкү күндө музейде Алия Молдагуловага тиешелүү 11
миңден ашуун экспонат бар. Ал эми облуста каармандын 100 жылдыгына арналган
100дөн ашык иш-чара өтөт. Алардын бири-Советтер Союзунун баатырына арналган
логотип бектилди. Актөбеде мааракенин алкагында чыгарылган бардык товарлар ушул
логотип менен кооздолот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

