Казакстандын
туусу Нью-Йоркто Республика күнүнүн урматына көтөрүлдү. Салтанаттуу азем
Манхэттендин каржылык
борборунда өттү. Иш-чара салтка
айланып калды. Бул жерде өлкөгө болгон урматты жана
казак коомчулугунун шаардын маданий жана коомдук өнүгүүсүнө кошкон салымын
таанышат. Нью-Йорк мэриясы бул күндү расмий түрдө Казакстандын мурасы күнү деп
жарыялаганы өзгөчө мааниге ээ болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

