Мамлекет башчы борбор калаадагы Улуттук музейде ата мекендик жана дүйнөлүк көркөм сүрөт искусствосунун эмгектеринин көргөзмөсү менен таанышты. Касым-Жомарт Токаевге белгилүү италиялык сүрөтчү Леонардо да Винчинин “Сулуу ханбийке” картинасынын түп нускасы көрсөтүлдү. Бул жогорку Ренессанс дооруна таандык баалуу экспонат Европадан тышкары биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Белгилүү эмгектин көргөзмөсү Улуттук музейдин 10 жылдыгына карата Италиянын “Scripta Maneant” басмасы менен биргеликте уюштурулган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков