Түркмөнстанга расмий сапарынын алкагында Мамлекет башчысы түркмөн акыны Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган эл аралык форумга катышты. Түркмөн классикалык адабиятынын пайдубалын түптөгөн Махтумкули бардык чыгыш элдерине мүнөздүү улуу ойчул. ЮНЕСКО акындын мурасын "дүйнө ээси" эл аралык тизмесине киргизген. Ал эми ТҮРКСОЙ уюму бул жылды "Түрк дүйнөсүнүн улуу акыны жана ойчулу Махтумкули Фраги жылы" деп жарыялады. Мамлекет башчысынын пикиринде, дүйнөдө геосаясий кырдаал курчуп, ар кандай глобалдык чакырыктар жаралып жаткан татаал мезгилде улуу ойчулдун руханий мурасы өзгөчө актуалдуу болуп калат. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө Түркмөнстан бүгүн масштабдуу социалдык-экономикалык жана саясий реформаларды жүргүзүп, динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөнүнө көңүл бурду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Бейтарап Түркмөнстан дүйнөдөгү коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө чоң салым кошууда. Ошондой эле Борбордук Азия жана Каспий регионунда көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө. Бириккен Улуттар Уюму 2025-жылды Эл аралык тынчтык жана ишеним жылы деп жарыялады. Бул жакшы демилгени Түркмөнстан өлкөсү көтөрдү. Махтумкули түркмөн элинин фундаменталдуу өлкөгө айланышын эңсеген. Бүгүн улуу ойчулдун кыялы ишке ашты. Түркмөнстан гүлдөгөн, күчтүү мамлекет болууда.
Касым-Жомарт Токаев Казакстанда Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган иш-чараларга токтолду. Бул демилгелер улуу ойчулдун мурасын ар тараптуу жайылтууга жана маданий дипломатияны өнүктүрүүгө жол ачты. Ошондой эле Президент Абай менен Махтумкулинин чыгармалары өз ара биримдикке жана ынтымакка ээ экендигине көңүл бурду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Алардын руханий мурасы эки өлкөнүн көп кырдуу маданиятын байытып, жалпы адамзаттын баалуулугу болуп калды. Казак-түркмөн элдеринин тамыры бир, жалпы тарыхы окшош. Биздин достугубуз кылымдарды карыткан салтка ээ. Ушул көөнөрбөс баалуулуктардын негизинде эки мамлекеттин кызматташтыгы активдүү өнүгүүдө. Мунун баары, албетте, казак-түркмөн мамилелерин дагы да бекемдээри шексиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков