Алматыдагы музейлер Түрк дүйнөсүнүн мыктысы деп табылды

Алматыдагы музейлер Түрк дүйнөсүнүн мыктысы деп табылды. Мегаполис музейлеринин биригүүсү ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгына татыды. Белгилей кетсек, анын курамына азыр 8 галерея кирет, анын жалпы фонду 60 миңден ашык экспонаттан турат. Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раевдин айтымында, улуттук баалуулуктарды жана элдин тарыхый – маданий мурастарын Казакстанда да, чет өлкөлөрдө да жайылтуу боюнча бирикменин жасаган иштеринин жогорку деңгээлде таанылышы.


Султан Раев, ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун башкы катчысы:


- Алар өткөн жылы Италияда, Неаполь шаарында көргөзмө өткөрүшкөн. Быйыл Европанын борбору Прагада жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Ал абдан катуу резонанс жаратты. Музейлер өз экспозицияларында казак элинин бай руханий баалуулугун көрсөтүштү. Көргөзмө коноктор үчүн зор түрткү берди жана алар бай мурас менен таанышышты. ТҮРКСОЙ музейдин активдүүлүгүн эске алуу менен мындай жогорку номинация менен сыйланды.


Мындан тышкары, Түркия, Түштүк Корея, Австрия шаарларында Казакстандын номаддарынын маданияты жана каада-салты тууралуу көчмө көргөзмөлөр уюштурулду. Адистердин айтымында, бул казак маданиятын чет өлкөлөргө таанытып гана тим болбостон, өлкөгө туристтерди да тартууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков