Бүткүл дүйнө көз салган V Дүйнөлүк
көчмөндөр оюндарынын ийгилиги жөнүндө чет элдик басылмалар да жазышууда. Евроньюс Казакстандын
борборунда болгон беттештер тууралуу масштабдуу
репортаж даярдады. Анда
ар бир спорт жөнүндө толук маалымат берилет. Ошондой эле бул кара күчтүн гана
эмес, акылдын да интеллектуалдык таймашы экени белгиленет. «Көчмөндөр оюндары -
Борбордук Азиянын олимпиадасы»
ЕККУнун расмий сайтында ушул теманын астында көлөмдүү
макала жарыяланды. Автор көчмөндөр оюндарына өзгөчө көңүл бурган. Чынында, саяпкерлердин жырткыч кушка
аңчылык кылуу таймашы аламан мелдештин көркүн ачты.
Быйылкы
мелдештин масштабы кеңири. Мелдешке 10
өлкөдөн 42
спортчу катышты. Алар 18 бүркүт, 12 ителги, 12 шумкар жарышка кошушту. Борбор Азия
элдеринин канына сиңген
салттуу оюнга алгач ирет катышкан өлкөлөрдүн арасында Испания, Венгрия,
Канададан келген кушчу, аңчы, саяпкерлер
да бар. Чет элдик коноктордун шамдагайлыгына карап, дүйнө коомчулугу көчмөн цивилизацияларга
кызыгып жатканын байкоо кыйын эмес.
Энрик Фрейша Мас, кушчу, Испания:
- Мен биринчи жолу
көчмөндөр оюнуна катыштым. Бүркүттү талаа ээлери беришкен. Кыска убакыттын
ичинде бири-бирибиздин тилибизди таптык. Жалпысынан, мен 15 жылдан бери жапайы
канаттууларды профессионалдуу түрдө таптап келем. Бул
тажрыйба мага ушундай жакшы натыйжа берди окшойт. Улуттук оюндун ээлери менен алдыңкы сынга чейин өтөм деп ойлогон эмесмин. Мен
мындан ары бул түрдөгү мелдештен чыкпоого аракет кылам. Чоң тажрыйба топтоп,
эстен кеткис окуялар
болду.
Ал
эми Түркиялык Недим Кызылбуганын кушчулук илимин изилдеп жүргөнүнө көп болгон эмес.
Окумуштуу жакында казактын бүркүтчүлүк
төл өнөрү тууралуу докторлук диссертациясын жазууга
киришти. Саяпкерлер, аңчылар
тууралуу билип түйгөнүн чыңдоо үчүн куш салуу жарышына катышамын деп бел бууган.
Недим
Кызылбуга, окумуштуу, кушчу,
Түркия:
- Казакстанда үч ай
жашадым. Мен кушчулук
боюнча изилдөө жүргүздүм. Мен бүркүтчүлөрдүн айылдарында конок
болдум. Мен казак тилин жана салттарын бүркүтчү бир туугандардан үйрөндүм. Мына
мен казактын суусун үч ай ичип, казактын тамагын жеп, бүркүтчү болдум.
Бүркүттөр акылдуу канаттуулар.
Эгер сиз аны колуңузга чакырсаңыз, ал сиз эт берериңизди билип келет. Эгер
сиз аны менен дос болсоңуз, ал сиз менен дос болот.
Астанадагы
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары маданият менен искусствону, каада-салттарды,
үрп-адаттарды бириктирген ордого,
ар улуттун өкүлдөрүн бириктирген берекелүү өлкөгө айланды. Ошентип, түбү түрк
элдеринин биримдиги жана бакубаттуулугу бекемделгенин дүйнөгө дагы бир жолу
көрсөттү.
Которгон: Назира Бегалиева