5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуучу Казакстандын курама командасы даярдыктын акыркы этабына өттү. Аяк оона айында Астанада өтө турган мелдеште 200дөн ашык спортчу өлкө намысын коргойт. Азыр оюнчулар ар кайсы аймактарга бөлүнүп, акыркы даярдыктарын көрүшүүдө. Маселен, Көкшетауга жакын жерде ок атуу командасы, Астанада интеллектуалдык оюн командалары, Алматы облусунда ат спортунун чеберлери машыгууда. Казактын улуттук оюну олимпиадалык оюндардан кем эмес экени анык. Көпчүлүк айрыкча Казакстан менен Кыргызстандын арасында өтө турган мелдешти чыдамсыздык менен күтүүдө.
Акылбай Манкеев, көк-бөрүдөн Казакстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу:
– Бардык аттарыбызды даярдап койдук. Эми бул жолу ат менен гана иштейбиз. Азыркы учурда команданын даярдыгы жакшы.
Адилет Мамыт, Көк-бөрүдөн Казакстан улуттук курамасынын мүчөсү:
– Көчмөндөр оюндарына даярданып жатканыбызга 2 ай болуп калды. Даярдыгыбыз жакшы. Өлкөнүн үмүтүн актайбыз деген ойдобуз. Анткени биздин өлкөдө болуп жатат.
Көчмөндөр оюну боюнча быйылкы мелдеш абдан жогору болот. Спортчулардын атаандашы катары белгилүү болгон Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай жана Венгриядан чоң делегация келет. Тактап айтканда, тарыхында көчмөндөрдүн салты болбогон Түштүк Америка, Венесуэла, Австралия сыяктуу ири мамлекеттердин спортчулары да катышууга арызын беришти. Андыктан буга чейинки оюндардын масштабы мурункуга караганда бир топ кеңири дешет адистер.
Айбек Сапаркул, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча дирекциясынын бөлүм башчысы:
– Көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 3 жолу, Түркияда 4 жолу өтүп, фестивалга окшош болгон. Башкача айтканда, улуттук спорттун фестивалы форматында өттү. Биздин азыркы максатыбыз – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын расмий комплекстүү спорт түрлөрүнүн деңгээлине жеткирүү. Анын деңгээлин көтөрүү. Бизден кийин өткөрө турган өлкөнүн мындан аркы өнүгүүсүнө жолун ачып берүү.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3 негизги багытта өтөт. Алар: Улуттук спорт, илим жана маданият. Мындан тышкары конокторго жана катышуучуларга мурда болуп көрбөгөн уникалдуу программалар сунушталат. Анын ичинде концерт, улуттук тамак-аш фестивалы сыяктуу иш-чаралар уюштурулуп, өлкөнүн туристтик дарамети кеңейет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков