Өзбекстанда
триатлон боюнча Challenge Samarkand-2025 эл аралык турнири өттү. Эл аралык
деңгээлдеги бул ири мелдешүүгө 30дан ашык өлкөдөн эки миңден ашуун спортчу баш
байге үчүн ат салышты. Катышуучулар бир эле учурда үч этапты багындырышты. Алар
сууда сүзүү, веложарыш жана чуркоо боюнча спринттик жана орто аралыкта күч
сынашты. Жарыш жолу Эл аралык туристтик борбордун аймагы, кайык каналы, «Түбөлүк
шаар» комплекси жана Самарканддын тарыхый кооз жерлери аркылуу өттү. Жарышка
коюлган жалпы байге фонду 75 миң долларды түздү. Катышуучулар мелдештин жогорку
деңгээлде өткөнүн жана дүйнөлүк спорт коомчулугу үчүн жаңы кызыктуу борборго
айланганын белгилешет.
Сергей
Бодренко, мелдештин катышуучусу/Казакстан:
- Жарыш
жогорку деңгээлде өтүп жатат. Маанайым жакшы. Сууда сүзүү, велоспорт этабы жана
чуркоо сынгы мен үчүн абдан ийгиликтүү болду. Азырынча биринчи келдим. Бирок
башка катышуучулардын убактысын көрүү керек. Себеби марага баарыбыз бир убакта
чыккан жокпуз.
Макс Стэпли, мелдештин байге
ээси/Улуу Британия:
- Бул
абдан сонун жер жана бай тарыхы бар кооз шаар. Мен бул жерде велосипед менен
бара жатып, көзүм укмуштуудай көрүнүштөргө түштү. Билесизби, мен ушундай жакшы
адамдар жана сонун уюм менен керемет жерде чогулуп, кызыктуу жарышка
катышканыма чындап ыраазымын. Мен үчүн экинчи орунду алуунун өзү чоң натыйжа.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

