V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 1 жумага жетпеген убакыт
калды. Ал эми үй ээси деп эсептелген казакстандык курама даярдыктын акыркы
этабына өттү. Казакстандын курама командасы «Казанат» ипподромунда өткөн
машыгууда өзүнүн табында экенин көрсөттү. Спорттун бул түрү боюнча спортчулар 6
салмакта байгелүү орундарды алып, 4төн кем эмес алтын алабыз деп жатышат. Спорттун
бул түрүндө балбандын күчү, эпчилдиги гана эмес, минген ат да чоң мааниге ээ.
Жанбатыр Бекмусаев, эр-эңиштен Казакстан улуттук
курамасынын башкы машыктыруучусу:
- Бул аттардын баарын Алматыда кармачубуз. Алматыда 2
жарым 3 ай болду. Ал эми баш оона айынын 23дө түз эле Астанага келди. Ал кезде
мелдештин башталышына 17 күндөй убакыт болгон. Адаптациялык жагынан мунун баары
биздин аттар үчүн жакшы. Республиканын чемпионатында жүргөн аттар.
Түркестан облусунун Төлөби районунун тургуну Дарын
Өткелбай былтыртан бери райондук мелдештерден тандалып, дүйнө чемпиону
деңгээлине чейин жетти. Бүгүнкү күндө ал өз салмак категориясында негизги
талапкер.
Дарын Өткелбай, эр-эңиштен дүйнө чемпиону, улуттук
кураманын мүчөсү:
- Алгачкы расмий дүйнө чемпионаты Кыргызстанда өттү. Ошол
мелдеште дүйнө чемпиону болдум. Ат үстүндөгү атаандаштарыбыз Кыргызстан менен
Монгол өлкөлөрү. Биздин негизги атаандашыбыз кыргыз балбаны деп ойлойм.
Тыйын эңмейден да спортчулар алтын медаль үмүт кылып
турушат. Бул спорттун түрү жакында эле
эл аралык федерация болуп түзүлүп, өзүнүн макамын алды. Оюндун бирдиктүү
стандарттары бекитилди. Эми «тыйын эңмей» сынагы 3 стилде өткөрүлөт.
Айбек Түркебай, республикалык «тыйын эңмей» федерациясынын
мүдүрү:
- Тыйын эңмей өзүбүздүн түпку спортубуз болгондуктан, башка
өлкөлөрдө анча өнүгө элек. Жогорку деңгээлде даярдануу максатында Көчмөндөр
оюндарына чейин эки жолу эл аралык мелдеш өткөрдүк. Ошол эки мелдеште биздин
тыйын эңмейчилер баш байгени беришкен жок.
Белгилей кетсек, аяк оона айынын 8нен 13нө чейин өтө
турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 21 спорттук мелдеш өтөт. Масштабдуу
мелдешке 90го жакын өлкөдөн 3000дей катышуучу келери күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков