Казакстан курамасы этношаарча даярдык үстүндө

Астананын жанындагы казак маданияты, кол өнөрчүлүгү кеңири жайылган этношаарчасы бул күндөрү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын машыгуу аянтына айланды. Бул жерде курама командалар машыгуунун акыркы этабын өткөрүүдө. Жада калса аба ырайы да буга тоскоол боло албайт. Даярдык графикке ылайык жүрүп жатат. Куштар, бүркүттөр жана ителгилер табында. 

Серикбек Күнтуган уулу, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу:

– Бул ата-бабабыздан калган өнөр болгондуктан, көнүп калганбыз. Бул канаттуу өзүнөн өзү учуп келе бербейт. Мунун ичинде сан майы, куйрук майы жана көкүрөк майы бар. Жай бою семиртип, жеген этин акырындап калыбына келтирип жатабыз. Кудай бизге мүмкүнчүлүк берсе, байгеге ээ болобуз деген ишенимдебиз. 

Байыркы убакта көчмөн элдер аңчылык менен алектенип, жырткыч куштарга аң ууга чыгышкан. Бүгүнкү күндө бул салтты улантуу максатында бүркүт салуу көчмөндөр оюндарынын ичинен өзгөчө орун алган спорттун түрү болуп саналат. Казакстандын курама командасы фавориттердин катарына киргени менен атаандаштары да алсыз эмес.

Арманбек Күнтуган, Бүркүт салуу боюнча Казакстан курамасынын ага-машыктыруучусу:

– Өзүбүздүн кошуна мамлекеттер – Кыргызстан менен Монголия жакшы деп айта алам. Анткени, алар табиятынан биз сыяктуу канаттууларга абдан жакын жана жакшы ыңгайлашкан. 

Жомоктогу тоону көтөргөн Толагайдын шакирттери бүгүн да эл оозуна алынган. Той-аштар, өзгөчө Нооруз майрамы күчү ашып-ташкан алптардын мелдешисиз өтпөйт. Бул жолу билектүү балбандар Көчмөндөр оюндарынын программасына өзүнчө спорт түрү катары кирди.

Тимур Спатаев, «Толагай» алптар мелдешин уюштуруучу:

– Азырынча 17 өлкөгө жана 17ден ашык мамлекетке барууну пландап жатабыз. Элдин көп келгени бизге да жакшы. Анткени борбор шаарыбызга келип, бул жерди көрүп, ушундай спорттун, казактын, баатырлардын бар экенин көрсөтүүгө убакыт келди.

Белгилей кетсек, «Толагай» алптар мелдеши 5 машыгуу боюнча өтөт. Алар 100 килограммдык баштыкты мойнуна коюп отуруп-туруу, салмагы 100 килограммдык ташты көздөгөн аралыкка чейин алып баруу, 130 килограммдык дөңгөчтү көтөрүү, 200 килограммдык жүк артылган арабаны сүйрөө, 10 килограммдык найзаны алыстыкка ыргытуу. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков