V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык

V  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык

Казакстанда окумуштуулар, ветеринарлар, генетиктер, ошондой эле спорттук психология жана медицина адистеринин башын кошкон илимий топ түзүлдү. V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында спортчулардын табында болушу, психологиялык жана физикалык абалы абдан маанилүү.   Бул багытта адистер көк бөрү, тыйын эңмей, эр эңиш, жамбы атуу, салттуу жаа атуу боюнча спортчулар командасы менен иш алып барышты. Мындан тышкары саяпкерлер илимий топтун өкүлдөрү менен тыгыз байланышта.  

Анатолий Күлназаров, комплекстүү илимий топтун жетекчиси:

– Эми бүгүн башталса, аяк оона айындагы көчмөндөр оюндарынын борбордогу спортчуларды көзөмөлгө алып, алардын күнүмдүк функционалдык же болбосо физикалык  болобу кайсыл жагынан болсо да даярдыгынын эң жогорку деңгээлине жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

Нуркен Байбөриев, улуттук жана ат спорту түрлөрү боюнча мамлекеттик машыктыруучу:

– Учурда аттардын ден соолугун жана алардын иштөө учурундагы көрсөткүчтөрүн изилдөө иштери жүрүп жатат. Башкача айтканда, илимий изилдөөлөр жүрүүдө. Ошондуктан,  мунун бардыгы даярданууга, андан ары чыңдоого, жакшы жыйынтык көрсөтүүсүнө чоң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков