Астанада Япон компанияларынын энергетикалык долбоорлору тааныштырылды

Астанада Япон компанияларынын энергетикалык долбоорлору тааныштырылды

Казакстан менен Жапония «жашыл» технологиялар жаатында кызматташтыкты активдүү түрдө бекемдеп жатышат. Астана шаарында көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган жапон инновациялык иштеп чыгууларынын бет ачары болуп өттү. Бул күн жана шамал энергетикасы, көмүртек биоэнергетика тармактарындагы чечимдер. Аянтча мамлекеттик түзүмдөрдүн, бизнестин жана жапон компанияларынын өкүлдөрүн бириктирди. Жолугушуунун катышуучулары технологияларды казакстандык рынокко киргизүү, ошондой эле соода жана инвестициялар жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Токионун губернатору Юрико Коикэ Казакстандын борборунун динамикалуу өнүгүүсүн, анын ичинде жаш ишкерлердин санынын өсүшүн жана жогорку технологияларды киргизүүнү жогору баалады. Глобалдык чакырыктарга биргелешип жооп берүү мүмкүнчүлүгүн баса белгилеп, ал казакстандык компанияларды келерки жылы «SusHi Tech Tokyo» эл аралык стартап-конференциясына катышууга чакырды.


Мурат Каримсаков, Казакстандын тышкы соода палатасынын башкарма төрагасы:


Бүгүнкү күндө Казакстанды эмне кызыктырат? Жашыл энергетика жана ядролук энергетика технологиялары. Негизги максаттардын бири - инфраструктураны, транспортту жана логистиканы өнүктүрүү. Биз бүгүн жапон компаниялары менен активдүү кызматташып, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуубузду кеңейте алабыз.


Морихару Окано, Токио өкмөтүнүн өнөр жай саясатын илгерилетүү жана кызматташуу боюнча ага мүдүрү:


Бүгүн тааныштырылган компаниялар – бул экология тармагында глобалдык трансформацияга багытталган Global South долбоорунун алкагында иштеген стартаптар, башкача айтканда, «жашыл» энергетиканы өнүктүрүү жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтуу. Компаниялардын бири дрондорду колдонуу менен логистика багытында иш алып барат. Бул күйүүчү майдын чыгымын жана түтүн газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга, ошондой эле жол тыгындарын айланып өтүп, жеткирүүнү тездетүүгө шарт түзөт. Дагы бир компания кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүүгө салым кошуу менен, шамал электр станциялары үчүн канаттарды өндүрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков