Жаңы Конституцияда мамлекетке жарандардын санариптик
чөйрөдөгү укугун коргоо милдети бекитилет. Атап айтканда, жарандардын өз ара
кат-кабар алмашуу коопсуздугу, башка да электрондук коммуникациялар, жеке
маалыматтардын корголушу күчөйт. Бул жеке өмүр купуялуулугунун кепилдигин бекемдейт. Ошондой эле, жарандардын санариптик
каржысын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Адистер мындай нормаларды
конституциялык деңгээлде бекитүү жарандарды келечекте жаңы санариптик
технология менен бирге келип чыгуучу тобокелдиктерден коргойт деп эсептейт.
Куат Байгожоев, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:
- Өзгөчө конституция долбоорунун укуктар менен эркиндиктерди
кемитпей, аларды жаңы технологиялык шарттарга ылайыкташтыруу принцибин
жетекчиликке алган жарандар үчүн өтө маанилүү деп эсептейм. Санариптик тармак
бүгүнкү күндө коомдун жашоосунун күнүмдүк ажырагыс бөлүгүнө айланды. Бул учурда
мамлекеттин жеке адамдын коопсуздугун камсыз кылуудагы жоопкерчилиги оффлайн
режиминде гана эмес, онлайн мейкиндикте да негизги милдети болуп бекитилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

